Баткен-Исфана-Баткен авиа каттамы иштей баштайт

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Авиакаттам бүгүн,16-мартта, саат 13:00 дөн баштап каттайт. Учуу убактысы 30 мүнөт.

Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы үзгүлтүксүз жумасына бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.

Азыркы учурда Өкмөт тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.

Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Авиабилет баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты