​Жаңы Зеландия: Мечитке кол салынып, 49 киши каза тапты

  • 5 лет мурун

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке куралдуу кол салынды.

Анда кеминде 49 киши каза болду. Дагы ондогон адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн билдирди.

The New Zealand Herald гезитинин маалыматына караганда, кол салууга шектелген төрт киши, анын ичинде бир аял кармалды.

Алар жанаша жайгашкан мечиттерге кирип барып, аткылашкан. Колго түшүрүү маалында алардын жанынан курал-жарактар жана жардыруучу заттар табылган.

Азырынча бул чабуулга канча адам катышканы так белгисиз.

Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, кол салгандардын бири— австралиялык. Чабуулдун алдында ал мигранттарга каршы көз карашын билдирип, манифест жазып калтырган. Анда «Бул террордук акт», деп жазылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча чабуулга катышкандардын биринин аты-жөнү Брентон Таррант. Ал мечитке кол салууну интернетте түз эфирде көрсөткөн.

Бул окуядан кийин коопсуздук максатында Жаңы Зеландиядагы мечиттер убактылуу жабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты