​Баш прокуратура “Кыргызалтын” филиалынан табылган эсеп-чотко кирбеген 1,6 кг алтын тууралуу билдирди

  • 5 лет мурун

Башпрокуратура “Кыргыз алтындын” филиалы болгон Аффинаж заводунун аймагынан эсеп-чотко кирбеген 1,6 кг алтын тууралуу билдирүү таратты.

2018-жылдын сентябрь айында “Кыргыз алтындын” Аффинаж заводунүн көзөмөлдөөчүсү желим баштыкка оролгон 1632, 1 грамм алтынга окшогон сары металлды тапкан.

Ал метал текшерүүгө берилгенде, анын салмагы 1611, 2 грамм болуп баштапкы салмагынан 20,9 гр аз болгон.

Аффинаж заводу жана “Кыргыз алтын” бул фактыны кызматтык териштирүүгө алып, бирок укук коргоо органдарына маалымдаган эмес.

Кайсы бир адамдар алтын уурдайбыз деп, бирок уурдап кете алышкан эмес.

Баш прокуратура тарабынан бул Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, уурулукка аракет жана кызмат абалынан пайдалануу беренелери боюнча айып коюлган.

Бул факты сотко чейинки тергөөгө алынган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты