​Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы боюнча расмий сүйлөшүү жүрүп жатат

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик чек арада кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлагандай, 14-мартта, саат 19-30дан 20-40ка чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан


Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык курч маселелер талкууланып, учурда сүйлөшүүлөр тараптардын өкүлдөрү менен уланып жатат.

Белгилей кетсек, 14-мартта саат 21-00 чамаларында Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди.

Жергиликтүү жашоочулар №57-кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Алардын коопсуздугу Баткен шшардык ИИБ кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.

Ошондой эле аталган айылдардын жашоочуларын Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишүүдө.

Жергиликтүү бийлик күч органдары менен биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүүдө

13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан үч адамга ок тийгенин, тажиктерден .эки киши каза болуп, 20 дан ашык киши жаракат алганы билдирилди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматынкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты