​Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү улантылат

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасында 14-марттан 15-мартка караган түнү тынч болгонун жана экии тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн да улантыларын КР Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматы билдиргендей, түнкү саат 22 де эл үйүнө тарады. Он адам күзөттө турду.

Кыргызстан тараптан да, Тажикстан тараптан да, жол ачыла элек.

Кыргызстан менен Тажикстан Чек ара кызмат өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү бүгүн да улантылат.

Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Буга чейин эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү болгон. Анда тараптар буд окуя боюнча объективдүү иликтенээрин жана мындай окуялардын кайталанбашына жол берилбеши керектигин белгилешкен.

Маалым болгондой, 13-мартта Баткен облусунун Ак-Сай айылында чек арада жаңжал чыккаг.

Болжолдуу маалмыматтар боюнча тажик тарап Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тоскоол болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты