Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек арадагы кырдаал тууралуу сүйлөштү

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Жээнбеков жана Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты