​КР Чек ара кызматы жаңжалдан улам өрттөнгөн объекттерди атады

  • 5 лет мурун

КР Чек ара кызматы тажик чек арасында жаңжалдын кесепетинен күйгөн объекттерди атады.

14-мартта саат 10:00 го карата маалымат боюнча жаңжалдан улам Таш-Тумшук аттуу жерде кыргызстандыктардын үйү жана Ауди, КамАЗ машиналары өрттөндү.

Ал жакка бара жаткан өрт өчүрүүчү машинаны тажикстандыктар кое бербей коюшкан.

Мындан тышкары 13-мартта жаңжал учурунда Баткен районунун Орто-Боз айылынын тургунунун сарайын тажиктер өрттөп салган.

Кыргыз жараны жаракат алып, Самаркандек айылынын ооруканасына жаткырылган.

Абалга байланыштуу Чек ара кызматынын Баткен бөлүмү күчөтүлгөн күзөттүк тартипте иштеп жатат.

КР Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна жөнөгөн.

Учурда Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, облустук администрация жана укук коргоо өкүлдөрүнүн жетекчилери сүйлөшүп жатышат. Кыргызстандын Баткен-Лейлек, Тажикстандын Исфара-Ворух жолдорун ачуу каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты