​Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын ратификациялады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-февралында кабыл алынган.

Аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.

Аталган мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлиги Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны БУУнун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге берет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты