Өзбекстан 100 млн долларга учак сатып алды

  • 5 лет мурун

Өзбекстан улуттук авиакомпаниясынын паркы 11-мартта Wi-Fi менен жабдылган Airbus компаниясынын A320neo үлгүсүндөгү учагы менен толукталды.

Гамбургдан келген жаңы учак 150 жүргүнчүгө ылайыкташкан. A320neo башка учактардан айырмаланып, күйүүчү майды 20% үнөмдөйт жана 5000 чакырым алыстыкка учууга жөндөмдүү.

Uzbekistan Airways кабарлагандай, Airbus компаниясынан эки учак сатып алуу боюнча келишимге 2017-жылы кол коюлган. Экинчи учак апрель айында келет. 2020-жылы октябрь-ноябрь айларында A320 үлгүсүндөгү үчүнчү учак жеткирилет.

Мындан тышкары Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү эки авиалайнерди сатып алуу пландалууда.

2018-жылы 24-декабрда Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясына таандык, баасы 200 миллион доллар турган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жарактан чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты