​ЕАЭБ эл аралык келишимдерин кыргыз тилине которуучу уюм аныкталды

  • 5 лет мурун

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо сынагынын жеңүүчүсү аныкталды.

Сынакты өткөрүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.Сынакка катышуу үчүн төмөнкү катышуучулардан 7 сунуш түшкөн:

1) «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис МИ;

2) «Сапат Транслейт» ЖЧК;

3) «Кыргыз тилин колдоо фонду» КФ;

4) «Lex Express Translation Agency» ЖЧК;

5) «Кыргыз Форум» ЖЧК;

6) «Intermax-Top» ЖЧК;

7) «Профтранском» ЖЧК.

Тандоонун талабына ылайык, комиссия сынактын жеңүүчүсү катары «Сапат Транслейт» жоопкерчилиги чектелген коомду аныктады.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты