​Өзбекстан Баш прокуратурасы “Гүлнара Каримова каза болду” деген маалыматты жокко чыгарды

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын каза болгону тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.

Бул тууралуу Kun.uz. интернет-басылмасы башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы «Эч кандай суицид же суицид аракети, киши өлтүрүлгөн эмес. Гүлнара Каримова белгиленген тартип боюнча жазасын өтөп жатат. Бул резонанстуу теманын айланасындагы кезектеги ушак», – деген билдирүү таратты.

Буга чейин социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде маркум Ислам Каримовдун улуу кызы түрмөдөгү кордукка чыдабай, өз жанын кыйганы тууралуу маалымат пайда болгон.

Каримова өткөн жумада үй камагынан кадимки жалпы тартиптеги түрмөгө которулган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, буга анын үй камагындагы жаза өтөө шарттарын бузганы себеп болгон.

Сот ага үй камагында отурганда үйүнөн эч жакка чыкпоого, телефон, Интернет сыяктуу байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салган.

46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу» деген айыптар менен соттолгон.

Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган жана кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган.

Каримовага 2015-жылы АКШ, Швеция, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы бир миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты