​Мурат Суталиновдун жубайы Президентке кайрылды

  • 5 лет мурун

2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча 25-жылга эркинен ажыратылып абакта жаткан, рак оорусунун 4-даражасына кабылган УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова Сооронбай Жээнбековго кат менен кайрылды.

Гүлнара Суталинова Мурат Суталинов рак оорусунан абакта жатып тиешелүү дарылоо ала албастыгын билдирди.

Суталинова өзү юрист болгондугуна байланыштуу, президнт бул кылмыш ишине кийлигише албастыгын, бирок бул боюнча пикирин билдирип коюуну өтүндү.

“Эгер катардагы башка бир айыпталуучу болгондо, көчмө жыйын абакта өтмөк (дайым эле ошондой болчу, муну сот, прокуратура кызматкерлери ырастайт). Ал эми биздин мисалда бул мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жаткан кыйноо” деди ал.

Айта кетсек, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Ленин райондук соту аны оор дартынан улам мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу Жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүн четке каккан.

Ал эми Бишкек шаардык сотунун коллегиясы жылдырылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты