​Асланайым Аширова Эр-Рияддын мыкты клиникасында дарыланууда

  • 5 лет мурун

Сауд Арабиясында этнофестивалга даярдык көрүп, машыгып жатканда жабыркап, бутун сындырып алган жаачы Асланайым Аширова Эр-Рияд шаарынын мыкты клиникасында дарыланып жатканын КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

«Camel fest фестивалын уюштурган этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы ал окуя боюнча дароо иш-аракет жасап, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Асланайым Аширова Эр-Рияд шаарынын мыкты клиникасында дарыланууда. Дарылоо ыкмасын аныктоо үчүн Падышалыктын клиникасынын тажрыйбалуу врачтарынан турган консилиум түзүлгөн. Сауд Арабиясынын падышалыгынын Саламаттык сактоо министрлиги да ага кошулду. Дарылоо камсыздандыруусуз жана акысыз жүргүзүлүүдө.

Асланайым Ашировага камсыздандыруу берилди, операция жогорку деңгээлде өтмөкчү” деп билдирди КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

Асланайым Аширова эмне дейт?

Сауд Арабиясында атчан машыгып жатып жаракат алган Асланайым Аширова фейсбук тармагы аркылуу өзүнүн абалы тууралуу жана өз алдынча ат минип алган деген айыптоого жооп берди. Асланайым буту катуу сынганын, ооруганын басаңдатуучу ийне сайылып жатканын айтат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Айнура Темирбекова аны өз алдынча ат минип алган деп фейсбук баракчасына жазган.

“Биз бир өлкөдөнбүз, бири-бирибизди коргоп турушубуз керек, бирок сиз (Айнура Темирбекова) мени өз алдымча ат минип алды деп жатасыз. Бул туура эмес, бул саткынчылык!

Сырттан караганга сиз (Айнура Т.) өзүңүздү коргоп жаткандай туюласыз. Эч ким бул иште жоопкерчиликти алгысы келбей жатат, бирок алдоонун эмне кереги бар?

Мен ал турсун, бирөөнүн калемсабын да уруксатсыз албайм. Бул жакта Падышалыктын полициясы бүт объектти текшерип турат, мен өз алдымча эле кантип атка минип алам?

“Бирде мени үзөңгүнү кармай албай калган, ошондон, ат ар нерсеге сөйкөнө берген дешсе, эми өз алдынча эле атка минип алган дешет. Эртең мени мас болчу… деп айтышабы? Мен кандай ат болбосун, минип кете алам, ат минүү жагынан алдыма эч кимди алдыга салдырбайм.

Мен биздин өлкөнүн желеги, “Салбуурун” федерациясынын жана атчандар федерациясынын командасы менен, өлкөбүздү жакшы жагынан көрсөтөйүн, чет элдиктер кыргыздар ким экенин билсин деп баргам.

Азыркы болгон ишти атайын жасаган жокмун. Тиги кыз жабыркап калбасын дедим. Болбосо мындан да жаман болмок.

Госпиталда арабдар да атты кантип кайрып кеткенимди, берки кыз кичине гана коркуп гана калганын айтышты “ деди Асланайым Аширова.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты