​Мамлекеттик кызматкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырат

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга чакырат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкелер декларацияны электрондук түрдө гана толтурууга жана катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.

Бул декларацияны толтуруу жана тапшыруу процедурасын гана эмес, иштеп чыгууну да бир кыйла жеңилдетет.

Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялай баштайт, ал ошондой эле прокуратура органына да берилет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан тышкары, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле, 194 номуру аркылуу МСКнын маалымат борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты