​“Кырк чоро” 13-мартта митинг уюштурат

  • 5 лет мурун

Мурдагы “Кырк чоро”, азыркы “Кыргыз чоро» коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштурмакчы.

Алар Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жана башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы.

Шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Уюмдун мүчөлөрү «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп жатышат.

Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Акцияга «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты