​Сарычат-Эрташ коругунун аркарлары

  • 5 лет мурун

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги 1-мартта Сары-Чат-Эрташ коругунда жайылып жүргөн аркарларды сүрөткө тартып алышкан.

Коруктун жалпы аянты 149 миң 117 гектар. Бул жакта Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар, атап айтсак илбирс, аюу, марал, аркар, тоо теке, элик, сүлөөсүн, мадыл ж. б. жаныбарлар бар.

Сарычат-Эрташ коругунда 30 дай илбирс, 2,5 миңден ашуу аркар бар.

Ошондой эле канаттуунун 90 түрү бар, алардын 8 и Кызыл китепке кирген, өсүмдүктөрдүн 295 түрү болсо, алардын 6 сы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр тобуна кирет.

Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Агенттиктин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты