Садыр Жапаров апасына топурак салганы барды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 9-мартта, Түп районунун Кең-Суу айылында Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатып жатышат. Абакта жаткан Садыр Жапаровго апасына топурак салууга уруксат берилген. Жапаров апасына топурак салганы барды.

Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан бир катар беренелер менен айыпталган. Тагыраак айтканда өлтүрөм деп опузалоо, адамды барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу беренелери.

Садыр Жапаров абакта жатканда 2017-жылдын сентябрь айында атасы кайтш болгон. Бирок анда атасын акыркы сапарга узатууга уруксат берилген эмес.

Сүрөттө: Садыр Жапаров атасы жана апасы менен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты