​Атактуу кыз-келиндер футбол ойноду (Фоторепортаж)

Бишкек шаарында футболчу кыздар өлкөнүн таанымал айымдары менен достук беттешүү өткөрдү.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) КР Футбол федерациясы менен бирдикте 6-мартта “Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей!” аттуу футбол фестивалын өткөрдү.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, КР Аялдар футбол ассоциациясынын президенти Бермет Төлөгөнова, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова, ырчы Гүлнара Тойгонбаева ж.б. айымдар ойноду.

Күндүн суугуна карабай, оюнчулар кесипкөй кыз — футболчулардын баштоосунда 8 топко бөлүнүп, көтөрүңкү маанайда, футболду достук менен бүтүрүштү.

“Кыздар баарын жасай алат” аттту саамалыктын негизги өзгөчөлүгү, эч качан спорт менен алектенбеген белгилүү айымдар, жөнөкөй шаардык кыздар жана кесипкөй оюнчулар чогуу футбол талаасына чыгышты.

Айымдар, кыздар футбол тууралуу эмне дейт?


​Атактуу кыз-келиндер футбол ойноду (Фоторепортаж)

Аида Исмаилова, ЖК депутаты:

“Буга чейин футбол ойноп көргөн эмесмин”

—Футбол ойноп, спортко кызыккан жаш кыздарыбызга өрнөк болобуз деген ишеничтемин. Себеби адамдын каалоосуна чек коюлбашы керек.

Буга чейин эч качан топ тээп, оюн талаасына чыгып көргөн эмесмин. Оюн шарттарын да жакшы билбейм. Ага карабастан, командабыз менен жеңишке жетебиз деген ойдомун.

Ализа Солтонбекова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары:


​Атактуу кыз-келиндер футбол ойноду (Фоторепортаж)

“Чоңойгондо уялып, ойнобой калганбыз”

—Бул спорттун түрүн 5-6-классыма чейин жакшы көрүп ойночумун. Кийинчирээк чоңойгондо жарашпайт го деген ой менен каалоо- тилекти басып, уялып, ойнобой калганбыз.

Ошол учурда “Ойногула, уланткыла” деген киши болбоптур. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү адамзаттын эн сүйүктүү оюнун кыздарыбызга үгүттөө ниетинде ойноп жатам.

Нурсулуу Мурзакулова, жаш спортчу:


​Атактуу кыз-келиндер футбол ойноду (Фоторепортаж)

“6-кластта арбалып калдым”

—Менин маанайым беш. Оюндан ырахат алып жатам. Спорт менен машыгууга чакыргым келип турат.

Өзүм жөнүндө айтсам, бешинчи класска чейин футболду жек көрүп, 6-классымда гана таанышып арбалып калдым.

Нурсултан Надырбеков, көрүүчү:

“Классташ кыздарды колдоп келдим”

—Бүгүн мен өзүмдүн классташ кыздарыбызды колдоп келдим. Жалпы жонунан алганда кыздардын футболго кызыкканы жагат, кээ бир кыздар балдардан да жакшыраак ойнойт.

Бегимай Өмүралиева, Футбол федерациясынын өкүлү:


​Атактуу кыз-келиндер футбол ойноду (Фоторепортаж)

“Эл эмне дейт?” деген көнүмүштү жойгонго аракеет жасадык”

Бул күн келе жаткан айымдардын майрамына жана аялдардын футбол ойноо күнүно карата арналып уюштурулган. Жана ар бир кызга карата айтылган “сен кыла албайсың”, “эл эмне дейт” “колуңан келбейт” деген стереотип сөздөрдү сындырганга аракет кылып, кыздарды шыктандырганга аракеттенүүдөбүз.

Акгүл Өмуракунова

Сүрөттөрү: Автордуку жана Футбол федерациясыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты