​ТИМ Орусиянын Гороховец шаарындагы өрттөн кабар алды

  • 5 лет мурун

КР Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Гороховец шаарындагы өрт боюнча маалымат берди.

Россия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт 5-мартта саат 18:15 те көмөкчү жайда башталган. Анда 7 киши жабыркаса, экөө КР жарандары. Жабыркаган КР жарандары Владимир жана Нижегород облустарынын ооруканаларына жаткырылган.

Дарыгерлер менен телефондон байланышканда, алар жабырлануучуларга акысыз медициналык жардам көрсөтүп жатканын кабарлаган.

ТИМ кызматкерлери Владимир жана Нижегород облустарына барып, жабыркагандандын абалы менен таанышып, ички иштер кызматкерлеринен жеринде маалымат аларын билдирет.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты