​Орусиядагы заводдогу өрттөн кыргыз жарандары жабыркады

  • 5 лет мурун

Орусиянын Гороховец шаарындагы айнек идиш чыгарган заводдо 5-мартта чыккан өрттөн 7 киши жабыркады.

Алардын экөө кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Өрт 5-март күнү кечки саат 18:15те башталган. Учурда 28 жашар жигит Гороховецтеги ооруканага, ал эми 33 жаштагы жаран Приволжск медициналык изилдөө университетине жеткирилген.

Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтып жатышат.

Мурда ТАСС маалымат агенттиги жабыркаган жети кишинын баары кыргызстандык экенин билдирген.

Бул маселе кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты