Ибраим Нуракун уулу: “КТРК жакшы жакка оңолуп кетсе, бардык талапкерлер жеңишке жеткен болот”

КТРКнын жетекчилигине талапкерлердин бири Ибраим Нуракун уулу жаңы жетекчи КТРКны жакшы жакка оңдой алса, бул бардык 22 талапкердин жеңиши болоорун билдирди:

Мен жумушта болуп, шайлоону көрө алган жокмун. Жайнак Үсөн уулу жеңди деп көрдүм жыйынтыгы чыккандан кийин. Шайлоо болгондон кийин бирөө жеңмек да. Мен ошондой эле кабыл алдым.

Жайнак Үсөн уулунун программасын карасам, жакшы эле экен. Программасына караганда бир эле Жайнак Үсөн уулу эмес, бардык талапкерлер жакшы деп айтсак болот.

Жаңы жетекчини ишинен көрөбуз да. Эгерде КТРК жакшы жакка оңолуп кетсе, бардык 22 талапкер жеңишке жеткен болот.

Анткени баарынын эле ою ошол болчу да. КТРКны жакшы жагына оңдойлу деген эле ой болчу.

Ал эми атайын буйрутма менен өттү деген пикирлер айтыла берет. Менин оюм ошондой. Жеңилген тарап бар, ичи күйгөн тарап бар. Жеңилгендерде жеңилүү ызасы болот. Ар кандай болот.

22 талапкерди жүздөгөн адамдар колдоду. Анын ичинде мени да колдогондор бар. Алардын баары жеңилүүнү ошондой ыза менен кабыл алат. Ичинен көрбөгөндөн кийин эч ким эч нерсе деп так айта албайт да.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты