​Жекшеев: “КТРКга оппозиция өкүлү, Бабановдун кишисинин келиши бийликтин шайлоого кийлигишпегенин билдирет”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, КТРКнын баш директору болуп оппозициялык жеке менчик НТС каналынын баш директору, Бабановдун колдооочусу Үсөн уулу Жайнак баш директор болуп шайланды.

Шайлоо жабык өттү. Талапкерлер Болотбек Тиллебаев бир добуш, Галина Байтерек бир добуш алды. Ал эми социалдык тармактарда чоң колдоого ээ болгон Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу бир да добуш албай калды. Мунун себеби эмнеде?

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев анын себебин мындай түшүндүрдү:

—Баары ачык болду. Жайнак Үсөн уулунун программасы жакты. Биз КТРКга Илим Карыпбеков сыяктуу күчтүү жетекчи келсе дегенбиз. Үсөн уулу Жайнак ошондой талапкер.

НТС каналынын, жеке менчик, оппозициянын өкүлү, Бабановдун кишисинин КТРКга баш директор болуп келишинин өзү эле бул шайлоого бийлик тараптын кийлигишпегенин билдирет,- деди Жыпар Жекшеев.

Жаңы жетекчи 19-мартта ишке киришээри айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты