Секс-шоп: Кыргызстанда суроо-талап кандай? (18+)

Cекс-шоп — интимдик мүнөздөгү товарлар сатылуучу дүкөндөр. Кыргызстанда болсо мындай мүнөздөгү дүкөндөрдүн пайда болгонуна аз гана убакыт болду. LoveTime Кыргызстандагы эң чоң секс-шоптордун бири. Аталган дүкөндө беш жылдан ашык сатуучу болуп иштеген Адилет Нурбеков секс-шопко кимдер кирип, кандай товарларды аларын айтып берди.

Аталган материалдын максаты кандайыр бир көрүнүштү пропагандалоо эмес, коомго маалымат берүүнү гана көздөйт.


Секс-шоп: Кыргызстанда суроо-талап кандай? (18+)

— Сиздердин секс-шоп канча жылдан бери рынокто жана кайсы товарларга суроо- талап көп?

— Биздин дүкөндүн ачылганына алты жылдан ашты. Бизде оригинал товарлар болгондуктан, аялдар жана эркектер үчүн дүүлүктүрүүчү каражаттарга, пролонгация каражаттарына жана түрдүү оюнчуктарга суроо талап көп.

— Бишкек боюнча канча дүкөн бар жана керектөөчүлөр кимдер, жалгыз бой адамдарбы же жубайларбы?

—Азырынча Бишкек боюнча үч дүкөнүбүз бар. Жакында региондордо ачууну пландап жатабыз. Ошондой эле Бишкек боюнча дагы дүкөндөрдү ачабыз. Ошто азыранча ачыла элек. Анткени, ал жакта рынок даяр эмес. Бирок, келип соода кылып кеткендер, буйрутма бергендер болот. Керектөөчүлөр ар түрдүү курактагы жана жыныстыга адамдар. Кайсы бир категория көп деп айта албайм. Эң негизгиси 18 жаштан өйдө. Жаштардын паспортун текшеребиз. Жалгыз адамдар деле келет. Байкаганым боюнча, көбүнчө жубайлар келет. Ошондой эле алыска, узак убакытка жол жүргөн айдоочулар, мисалы, Кытайга, Европа өлкөлөрүнө жол жүргөн айдоочулар жасалма жыныстык мүчөлөрдү, оюнчуктарды сатып алышат.

— Адамдар секс-шоп дүкөнгө киргенде, өздөрүн кандай алып жүрүшөт? Уялып кайра чыгып кеткендер болобу?

— Ал адамдан көз каранды болот. Биринчи киргенде деле ишенимдүү эле караштырып, кызыгып сурап, соода кылып кеткендер болот. Ошондой эле, уялып бир бурчта туруп алып, анан бир аз убакыт өткөндөн кийин гана сурап баштагандар дагы болот. Андай адамдарга кеңеш берип, жардам бергенге аракет кылабыз. Анткени, универсалдуу каражат жок. Ар бир кишиге өзүнө жараша тандоо керек.

Секс-шоп: Кыргызстанда суроо-талап кандай? (18+)

— Товарлар кайсыл өлкөлөрдөн алынып келинет?

— Товарлардын кайсы бир бөлүгү Кытайдан келет. Мурун көпчүлүгү эле Кытайдан келчү. Азыр анын мааниси деле жок. Анткени, кымбат болуп калат. Россиядан түрдүү ич кийимдерди, костюмдарды алып келебиз. Европа өлкөлөрүнөн, Араб Эмираттарынан кээ бир товарлар келет. Эми Араб Эмираттарында жасалган товарлар эмес, импорттолгон товарлар.

— Баа саясаты кандай?

— Минимум 100 сом болсо, максимум 20 000 сомго чейин. Эң арзан бул коргонуучу каражаттар, презервативдер. Эн кымбаттары ар түрдүү оюнчуктар.

— Ар түрдүү адамдар тарабынан агрессивдүү мамилелер болду беле? Коом кандай кабыл алды?

—Биз коом кабыл албай, агресивдүү мамиле болот деп ойлогонбуз. Өзгөчө «Кырк чоро» сыяктуу топтор чыга баштаганда. Бирок, биз ислам өлкөсүндө жашабайбыз да. Кыргызстан светтик өлкө. Мыйзам тарабынан эч кандай тыюу салуулар жок. Болгонку, ачык реклама жүргүзө албайбыз, мисалы, көчөдө “Orgazm.kg” деп жаза албайбыз. Ошондуктан, “Lovetime” деп сыртта реклама кетет. Эл жыш жайгашкан аймактарда, мисалы, соода борборлорунда ача албайбыз. Ушул сыяктууу эле. Бирок, катуу чектөөлөр жок. Кээде динчилдер дейбизби, ошолор келип “Биз деген кыргызбыз. Бизге мындай нерселер тыюу салынган” дешкендер болот. Аларга баарын түшүндүргөнгө аракет кылабыз, туура кабыл алышат. Бирок, түшүнбөй кабыл албагандар дагы болот.

Секс-шоп: Кыргызстанда суроо-талап кандай? (18+)

— Суроо-талап эмнеге жараша көбөйөт?

— Майрамдарга жакын суроо-талап көбөйөт. Ал дагы ар түрдүү категория үчүн товарларга гана. Мисалы, 23-февралга жакын кыздар, аялдар жигитине же жолдошуна жагымдуу белек тартуулоо үчүн ар түрдүү костюмдарды, ич кийимдерди сатып алышат. Же болбосо балдар кээде кыздарды тамашалоо үчүн түрдүү оюнчуктарды сатып алышат.

— Чет өлкөлүктөр дагы соода кылып турушабы? Эгерде салыштыра турган болсок, чет өлкөлүктөр көп киршеби же жергиликтүү калкпы?

—Чет өлкөлүктөр дагы кирет, албетте. Эгерде салыштыра турган болсок, жергиликтүү калк көбүрөөк кирет, ал эми жергиликтүүлөрдөн башка улуттарга салыштырмалуу кыргыздар көп соода кылып турушат бизден.

Секс-шоп: Кыргызстанда суроо-талап кандай? (18+)

— Бир күндө орто эсеп менен канча кардар соода кылып турат?

— Баардык дүкөндөрдү алып караганда орто эсеп менен 10-15 кардар болуп турат. Кээде көп, кээде аз. Ал эми майрамдарга жакын 50гө чейин жетет, кээде андан дагы ашат.

— Өзүңүз эмне болуп бул жакта иштеп калдыныз? Жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

—Мен негизи бир жылдай эле иштеп турайын деп киргем бул жумушка. Анан эми минтип иштегениме беш жылдан ашып калды. Көнүп калат экенсиң. Анткени, бул аябай ынгайлуу жумуш. Көп деле убактыңды албайт. Эки күндөн алмашып иштейбиз. Жакындарыма баары бир. Анткени, эң негизгиси баары мыйзамдуу болсо болду. Мен аларга айткан деле жокмун. Анткени, бир жылдай эле иштейм деп ойлогом. Азыр мындан сырткары туристтик бир компанияда иштейм. Ошондуктан, жакында бул жумушутан кетейин деп турам.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты