КТРК баш директору шайланат

Жаңылыктар

Бугүн, 6-мартта, Кыргыз теле-радио компаниясынын баш директору Байкоочу кеңеш тарабынан шайланат.

Баш директорлукка финалда 17 талапкердин арасынан 8 и тандалып алынган. Талапкерлер: Галина Байтерек, Сураган Босумбаев, Замир Казакбаев, Ибрагим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов, Жайнак Үсөн уулу.

Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн айтымында, баш директор шайлоо саат 15.00 те башталмакчы.