​138 миңден ашык киши Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

  • 5 лет мурун

2019-жылдын 5-мартына карата 138 миң 246 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен 42 миң 216 юридикалык жак, 55 миң 821 жеке ишкер, 14 миң 751 жеке жак, 5 миң 918 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 19 миң 540 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kgсайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты