​Жээнбеков: “Сот системасы заманбап технология менен жабдылды”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

“Мамлекет кийинки жылдары сот системасын терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда.

Мындай шарттарда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ” деди мамлекет башчы. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты