​Москвадагы кыргыздарды ИИМ сабырдуулукка чакырды

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын ИИМинии Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев ал жакта иштеген мекендеш мигранттарды сабырдуу болууга, мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

“Сиздерге кайрылуубуздун себеби, акыркы күндөрү ‘’ Вотсап’’ топтордон тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур жана башка ушул сыяктуу ар кандай билдирүүлөр тарап, ошол замат массалык турдо чогула калган фактылар болуп жатат.

Тилеке каршы мындай чогулуунун арты жакшылык менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн.

Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз, мындай учурда провокацияга алдырбастан, мыйзам чегинен чыкпай полицияга же болбосо Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылуунуздар керек” деди ал.

Айта кетсек, кийинки күндөрү Москвдагы кыргыздарды тез арада чогула калууга үндөгөн чакырыктар социалдык түйүндөр аркылуу келип жатканы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты