​Самыйбеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

  • 5 лет мурун

Улукбек Самыйбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 4-марттагы буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Жаңы орун басарды Салык кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына Өкмөттүн аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.

МСКнын төрагасынын жаңы орун басары маалыматтык технологиялар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу менен байланышкан тармакты жетектөөгө алат.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты