​Мирзиёев милиция менен аскерлерге арыктоого алты ай убакыт берди

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусунун активисттери менен жолуккан маалда өлкөнүн Ички иштер жана Коргоо министрлигинин ашыкча салмактагы кызматкерлерин сынга алып, аларга арыктоого 6 ай убакыт берди.

«Ички иштер органдарында бизге ашыкча салмактагы кызматкерлер менен офицерлер керек эмес. Андай абалда алар кылмышкерди кантип кармай алышат? Спорт менен машыгышсын. Бул мага эмес, алардын ден соолугу үчүн керек. Биз аларга үч же алты ай убакыт берели, бул аралыкта алар ашыкча салмактан арылсын», — деди президент.

Мирзиёев ашыкча салмак тууралуу былтыр ноябрда өткөн видеоселектордук жыйында дагы айткан. Анда мамлекет башчы аз кыймылдын жана туура эмес тамактануунун айынан Өзбекстанда калктын жарымы ашыкча салмак менен жабыркап, 46 пайызынын канында холестерин ашыкча болуп, 31 пайызынын кан басымы жогору экенин белгилеген.

Мирзиёевдин бул билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү айрым мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринен тез арада арыктоону талап кыла баштаганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты