Төрага ​Дастан Жумабеков кол койгон каттагы каталар моюнга алынды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастан Жумабеков кол коюп, Премьер-министрге жөнөтүлгөн каттагы каталар боюнча ЖК басма сөз кызматы жооп берди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы социалдык түйүндөргө жарыяланган № 6-993/19 номерлүү Премьер-министрге жөнөтүлгөн катта одоно каталар кетип калганын басма сөз кызматы моюнга алды.

“Тилекке каршы ал катта одоно каталар кетип калганын моюнга алабыз” деди басма сөз кызматы.

Чындыгында төрага Дастан Жумабеков ал катты өз колу менен жазган эместиги, аны тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу факсимиле жолу менен анын жардамчылары тарабынан коюлганы айтылат.

«Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат» деп билдирди ЖК басиа сөз кызматы.

Катты даярдаган ЖКнын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүлөрү айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты