“Бирдиктүү терезе” ишти илгерилетет

  • 5 лет мурун

Курулуш тармагында “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүү иш процессин бир кыйла илгерилетет.

Учурда курулуш тармагында экспертизанын ар кандай түрлөрү бар. Мыйзамга ылайык, экспертиза түрдүү министрлик жана ведомстволор тарабынан өткөрүлөт, аларга буйрутма ээлери курулушка уруксат алуу үчүн өздөрү кайрылышат. Бул процесс 180 күнгө чейин созулат.

Ал эми «Бирдиктүү терезеде» документтерди электрондук кабыл алуу аркылуу адамдык фактордун таасирин жоет жана мөөнөтүн кыскартат.

Натыйжада, долбоорду колдоо үчүн 33 күн кетет.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов катышкан Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинде өткөн кеңешмедн айтылды.

Мамархитектура агенттигинин директору Бактыбек Абдиев белгилегендей, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ачык жүргүзүп, коррупциялык тобокелдикти кыскартуу, уруксат берүү процедураларын оптималдаштыруу, курулуш чөйрөсүндө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.

«Бирдиктүү терезе» тышкы инвесторлор үчүн да курулуш тармагында ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Мында иштелип чыккан программа билдирмелерди электрондук түрдө кабыл алат жана VPN-канал аркылуу көзөмөл жүргүзүүнү шарттайт.

Натыйжада документтерди ар башка кызматтарга ташуу зарылдыгы жоюлат. Мурда ошол эле шарттарды алуу үчүн жана инженердик түйүнгө кошууга убакыт кетчү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты