Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет

  • 5 лет мурун

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко билдирди.

Ал соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп саналат. Учурда аталган комиссиянын 21-жыйыны Бишкекте өтүүдө.

«Ири иштин негизги бөлүгү катары Россиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта боло турчу мамлекеттик сапарына болгон даярдык боюнча иштеп жатабыз», — деди ал.

Чуйченко кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты