​Текебаевдин иши кайра каралчу күн белгилүү болду

  • 5 лет мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча кайра кароо 23-апрелге дайындалды.

Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза жана Жазык Кодексинин жаңы басылмаларынын күчүнө киргенине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону 23-апрелде өткөрүүнү буйруду.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратылган. КРдин Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча баардык инстанциядагы соттор күнөөлүү деп табышкан.

Москва шаарынын Тверь соту Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты, Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча башкы күбө Леонид Маевскийди камакка алган. Ал 37,5 миллион долларды опузалап талап кылган деп айыпталган. Леонид Маевский 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ага байланыштуу Текебаев менен Чотонов ишти кайра кароону өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты