​Мирзиёев күтүүсүз кортежин токтотуп, эл менен жолукту

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусуна сапары учурунда күтүүсүздөн кортежин токтотуп, Туракурган шаарынын тургундары менен сүйлөштү.

Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, президент намангандыктарга облустагы райондорго инвестиция тартуу боюнча ири долбоорлор, жаңы ишканалар менен мектептерди куруу жана жумуш орундарын түзүү багытындагы иштер жөнүндө айтып берди.

Шавкат Мирзиёев 2017-жылы да Наманган облусундагы Туракурган районунун жашоочулары менен ушундай күтүүсүз жолугушуу өткөргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты