​Болот Отунбаев АКШга элчи болуп барды

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев 28-февралда АКШнын Мамлекеттик протоколунун орун басары К.Хендерсон айымга ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшырды.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле бул аземге Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын кызматын убактылуу аткаруучу Т.Вайда, Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын кызматын убактылуу аткаруучу Э.Пума, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия жана Түштүк Азия Бюросунун Борбордук Азия бɵлүмүнүн башчысы М.Муди катышты.

Америка тарап Б.Отунбаевди Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалышы менен жылуу куттуктап, ийгилик каалашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө жана жалпы тармактар боюнча мамилелерди ɵнүктүрүүгɵ эки тарап даярдыгын белгилешти.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматынкы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты