​Сот Атамбаевди Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди

  • 5 лет мурун

Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана “Апрель” телеканалынын соту соңуна чыкты.

Сот Атамбаевге Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин доосун каанаттандырды.

Сот экс-президент Атамбаев аталган саясатчылардын ар бирине кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 100 миң сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды.

“Апрель” каналынан доо алынып салынды.

Айта кетсек, “Апрель” телаканалындагы интервьюсунда айтканы боюнча экс-президент Атамбаевди Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев сотко берген.

Аталган үч саясатчынын телеканалга жана экс-президентке жалпы доосу 18 млн доллар болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты