​АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен каражатты Кыргызстанга кайтарды

  • 5 лет мурун

АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев Кыргызстандан чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарганын жарыялады.

Маалыматка караганда, каражат Кыргызстандын Финансы министрлигинин эсебине которулду.

Мекеменин расмий сайтындагы кабарга караганда, каражаттардын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөнүн жүрушүндө табылган.

6 миллион доллар конфискацияланган. Анын 4,5 миллион долларга жакыны кайтарыла турган болгон.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында «Кыргыз өкмөтү бул акчаны аймактык ооруканаларга медициналык жабдыктарды сатып алууга, айылдыктарды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна, коррупцияга каршы программаларга жумшай турганын ырастады» деп айтылат.

АКШ менен Кыргызстан мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол коюшкан.

Калган каражатты кайтаруу үчүн аракеттер көрүлөрү маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты