​Жолдубаева: “ЖЭБ боюнча сот саясий өңүттө болууда”

  • 5 лет мурун

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «ЖЭБ боюнча сот саясий өнүттө болуп жатат» деп айтты бүгүн бул боюнча алдын-ала соттук угууда.

Анын айтуусунда, жакында баш прокурор катышкан парламенттик угууда депутаттар шоу уюштурду.

“Ал жыйынды биз сотко басым катары эсептейбиз. Баш прокурор 111 млн доллар тууралуу айтты. Алар бул санды кайдан алды?

Аны чындыгында асмандан алышты. Эч кандай чыгым келтирилген эмес. Биздин эксперттер дагы экспертизанын жыйынтыгы менен таанышты.

Ал эсеп тээ илгерки советтик доордогу ченем менен эсептелген. Тергөө ойдон чыгарылган айыптарды коюп жатат” деп билдирди ал.

Андан тышкары “Атамбаев кезинде ЖЭБ боюнча батыл чечим кабыл алгандыгы” да белгиленди.

Парламенттик жыйында баш прокурор экс-президенттин ЖЭБ модернизациясы учурундагы жоопкерчиликти өзүнчө өндүрүшкө алынды, ага да баа берилет деди.

«Экс-президент учурунда туура саясий чечим кабыл алган деп айтар элем. ЖЭБ модернизациясы керек болчу. Бул тууралуу эч ким айтпай, атайын коомчулукту адаштырып жатат” деп айтты Жолдубаева.

Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты