​“48 саатка жоголуу” деген оюн тарап жатат

  • 5 лет мурун

Социалдык тармактарда “48 саатка жоголуу” деген оюн тарап жатат. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Аталган оюндун негизги максаты – мүмкүн болушунча көп адамды ордунан жылдырып, расмий издөөгө алынып, жоголуунун себебин айтпоо болуп саналат.

Бул оюндун жаш балдарга кесепети тиери белгилүү.

Кайгылуу окуяларды алдын алуу үчүн, ата- энелер иш жүргүзүү үчүн бул маалымат Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Учурда ички иштер органдарынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Билим берүү жана илим министрлиги өспүрүмдөр арасында тарап жаткан «48 саатка жоголуу» аттуу виртуалдык оюндун кесепеттери тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрмө берүүнү мектептердин жетекчилерине тапшырды.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы менен жолугушмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты