Эртең— Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

  • 5 лет мурун

Эртен, 28-февралда, юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктаарын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Бүгүн жана эртен аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Бул тууралуу Мамлекеттик Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты