​Кореяда иштеп келүү үчүн эмне кылуу керек?

КР Миграция кызматы Кыргызстандын жарандарын Кореяга жумушка орноштурууга уруксат берүү системасы боюнча бүгүн, 26-февралда, пресс – конференцияда маалымат берди.

2007-жылы 24- июлда КР Миграция жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитети менен Корея Республикасынын иш менен камсыз кылуу жана эмгек министирлигинин ортосундагы ишке орноштурууга уруксат берүү системасы боюнча Меморандумга кол коюлган. Андан бери корейтили боюнча тестке 15 миңден ашык киши катышты, 3000 ден ашык киши жумушка орноштурулган.

Мындай маалыматты Миграция кызматынын алдындагы маалыматтык­-консультациялык борбордун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев берди:

“2007-жылдан бери Кыргызстандын жарандарын уюшкандыктаКорея Республикасына жумушка орноштуруу системасы иштейт. Мындай шартты түзүү үчүн КР Миграция кызматы менен Корея Республикасынын иш менен камсыз кылуу жана эмгек министирлигинин ортосундагы Меморандум эки жыл сайын узартылып турат. Быйыл дагы узартылды. Анткени, аталган Меморандум Өкмөт тарабынан жактырылды. Эми биздин жарандар тиешелүү этаптардан өтүп, Кореяга жумушка орношо алышат”, — деп билдирди Алмаз Алыбаев.

КР Миграция кызматынын алдындагы маалыматтык­-консультациялык борбордун директору Бахтияр Төлөнов 2017 — жылы Кореянын Канвондо провинциясына сезондук жумуштаргажарандарбарганын билдирди:

“2017- жылы Корея менен келишим түзүлгөн. Анын алкагында Кыргызстандын жарандары Кореяга сезондук жумуштарга кыска мөөнөткө барышкан. Эми андай чектөөлөр жок. Узак мөөнөткө дагы бара алышат”, — деп билдирди Бахтияр Төлөнов.

Корея Республикасына жумушка орношууну калагандар үчүн талаптар:

Жашы 18 – 39 чейин;Корей тили боюнча тестти ийгиликтүү тапшыруу;Е – 9 жана Е – 10 визанын түрү менен 5 жылдан ашык жүрбөгөн;Өң — түстү ажырата билүү (Дальтонизм);Медициналык текшерүүдөн ийгиликтүү өтүү;Мурда соттолбогон жана Кореядан депортацияланбаган жарандар.

Ушул жана башка шарттары, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу КР Миграция кызматынын алдында маалыматтык­-консультациялык борбордун адиси Нагима Ашимбекова маалымат берди:

“Корей тили боюнча тест бир жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Тестти ийгиликтүү тапшырган гана жарандар Кореянын бирдиктүү реестрине киргизилет. Андан кийин Корея менен контракты күтүү керек болот. Мындай система менен Корея 16 өлкөдө иш алып барат. Ар бир өлкөнүн тармактары бар. Кыргызстан өндүрүш тармагына гана жумушка орношо алат. Бул завод- фабрикалар. Мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып өтсөк. Айлык акы айына1200 доллардан жогору. Бул минималдуу сумма. Кошумча сааттарды эсептөө менен айына 1500-2500 долларга чейин алышат. Турак жай жана тамак- аш жумуш берүүчү тарабынан берилет. Мындан сырткары камсыздандыруунун бардык түрү берилет. Тагыраак айтканда, шайлоо жана шайлануу укугунан сырткары Корея жарандары сыяктуу бардык укуктарга ээ болушат”, — деп билдирди Ашимбекова.

КРМиграция кызматынын статистикалык маалыматына ылайык, 2018 – жылы 2058 жаран тестке катышып, алардын 402си ийликтүү өтүп, 314ү Кореяга жумушка орношкон

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөтү:Автордуку

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты