​Өзбекстан Кыргызстандан картошка сатып ала баштады

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын жеке компаниялары Кыргызстандан картошка сатып ала баштады. Бул эки өлкөнүн жаңы келишиминен кийин ишке ашырылды.

Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

«Беш миң тонна картошка жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Мындан тышкары онго жакын компания келишимсиз түз сатып ала алышат. Биз аларга тиешелүү шарттарды түзүп беребиз», — деди министр.

Картошка 5,5-7,5 сомдон сатылууда.

Казакстан 19-февралда Кыргызстан менен Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Картошкадан сырткары алма, курма жана Өзбекстандын анарына да коюлду.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курт чыгып жатканын айтууда..

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты