​Электрондук билет тендеринин экинчи этабы башталды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык мэриясы коомдук унаада билет берүү системасын киргизүү үчүн тендердик конкурстун 2-этабын ишке ашырууну баштады.

Биринчи этаптан кийин 5 компания тандалып алынган. Алар:

1. «Ситикард» компаниясы (Нижний Новгород, РФ);

2. «Золотая корона» ( «РСК Банк» жана «Тодэш Торг» ЖЧК, Новосибирск, РФ);

3. BPC AG, Баар (Швейцария);

4. LGCNC-KSCC Consortium (Сеул, Корея);

5. «Интеллектуалдык система Шанхай Шенту» (КЭР) жана «Шыдыр Жол Кей Джи» (Шанхай, КЭР).

Экинчи этаптагы шарт боюнча тендерге катышкан компания 150 миң АКШ доллары бар экендигин кепилдеген документти бериши керек.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты