​Соттордогу аудио-видеофиксация ыңгайлуулукту шарттайт

  • 5 лет мурун

Соттордогу аудио- видеофиксация эми сот процессиндеги тартип бузууну гана азайтпастан, күбөлөрдү жана шектүүлөрдү сотко катыштырбай деле суракка алууну шарттайт, конвойго байланыштуу чыгымдарды азайтат жана иштерди тез арада кароо жагдайын көбөйтөт.

Кыскасы, жарандарга сот өндүрүшү ыңгайлуу болуп калмакчы.

Бул система учурда сыноо иретинде Кыргызстандын 73 сот отурумунда иштейт. Жыл аягына чейин жергиликтүү 72 соттогу бардык 159 залды камсыздоо пландалып жатат.

Системанын ишке ашырылышына USAID-IDLO «Сотторго ишеним» программасы ишке ашырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты