​Электр зымынын кыска туташуусунан үй өрттөндү

  • 5 лет мурун

Ош облусунун Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү.

Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Мадиханов көчөсүндө 23-февралда болжолдуу саат 21:05 те шифер жабылган турак үйдүн 86 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрт саат 22:00дө чектөөгө алынып, саат 22:21де толук өчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери өрт коопсуздугунун эрежелерин, айрыкча, электр приборлорун пайдаланууда, коопсуздугун сактап, үйдөн чыгып кетип бара жатканда электр приборлорун өчүрүп чыгууну эскертет.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты