​Бакиевдин тушунда уурдалган каражатты АКШ Кыргызстанга кайтарат

  • 5 лет мурун

Бакиевдин тушунда уурдалган 4,5 млн долларды АКШ Кыргызстанга кайтарат.

Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс “Курманбек Бакиевдин учурунда уурдалган Кыргызстандын активдерин кайтаруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын жана АКШнын өкмөттөрүнүн билдирүүсүнө кол коюшту.

Акча каражаттары АКШда Евгений Гуревичтин кылмыш ишине байланыштуу табылган.

Конфискациялана турган 6 млн доллардын 4,5 млн доллары табылды. Ал каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебине которулат.

Калган активдерди да издөө улантылмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты