Өмүрбек Текебаевдин ишин БУУ комитети карайт

  • 5 лет мурун

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин Бириккен Улуттар Уюмунун комитети карарын “Адилет” укуктук клиникасынан билдиришти.

Өмүрбек Текебаевдин иши БУУ комитетине жаңы барды, ага катар номуру берилгенден кийин, комитет юристтери аны карайт.

Өлкөнүн позициясын сурап, комитет юристтери да бул боюнча өзүнүн аргументтерин билдирет.

Буга чейин Текебаевдин жактоочулары Кылмыш-жаза кодексинин жаңы кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы жагдайлар менен бошотулушу керек экенин айтып келишет. Баш прокуратурада Жаза мөөнөтүнүн соңуна чыгуу боюнча да маселе каралмакчы.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус бизнесмени жана Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевскийден пара алган деп коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Леонид Маевский Москванын Тверь соту тарабынан 37, 5 млн доллар талап кылгандыгы боюнча камакка алынганы белгилүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты