«Адилеттүүлүк үчүн» комитети Нурбек Токтакуновду каралоону токтотууну талап кылды

“Адилеттүүлүк үчүн” комитети экс-премьер Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу анын беделине шек келтирген видео, макалалар жарыяланып жаткандыгына тынчсызданып билдирүү таратты.

Ал билдирүүдө мындай деп айтылат:

—Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу, адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады.

Биз бул каралоолор анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу деп эсептейбиз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир Кыргыз жараны, өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта, адвокат катары, Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу.

Башка көз караштагы эгемендүү жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир дагы бийликке кадыр барк, стратегиялык ишеним алып келбейт. Бул – бийликтин күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын жана акылсыздыгын көрсөтөт.

Өлкө жетекчилигинен, УКМК төрагасынан Кыргызстандагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири жана адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтотууга жана мындай каралоолорду уюштургандарга чара көрүүнү талап кылабыз.

Бардык ар-намысы, туруктуу позициясы бар жарандарды, журналисттерди жана саясатчыларды, ушул сыяктуу ыплас көрүнүштөргө каршы турууга чакырабыз.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты