Органдарын алмаштырууга муктаж адамдардын саны өсүүдө

Депутат Карамат Орозова Кыргызстанда жыл өткөн сайын органдарын алмаштырууга муктаждардын саны өсүп жаткандыгы, алар каражат издеп, тилемчиге айланып калганы тууралуу бүгүн, 21-январдагы, Жогорку Кеңеш жыйынында маселе көтөрдү.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү 260 дан ашык кыргызстандык боорун жана бөйрөгүн алмаштырганы Индияга жөнөгөн.

Мамлекет бул маселени көзөмөлгө алып, кыргызстандык дарыгерлерди бул багытта стажировкага жибериши керектигин баса белгиледи.

—Мамлекет Саламаттык сактоо тармагына 14 млрд сом бөлүп жатат. Ошто 150 кишилик оорукана, Бишкекте Кыргыз-түрк ооруканасы бар, Баткенде ачылганы турат. Өзүбүздө деле бөйрөк, боорду алмаштыра турган борбор тууралуу ойлонууга болбойбу, врачтардарды окууга жиберип, — деди депутат.

Эл өкүлү азыркы тапта эл бул көйгөй менен чет элдик клиникаларга кайрыла албастыгын, себеби, органдарды алмаштыруу үчүн 60 миӊ доллардан ашык каражат талап кылынарын кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты