Карамушкина: “Түрк мектебинин директору 9 жашар окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөн”

Бүгүн, 21-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина Бишкектеги “Манас” университетинин аймагында курулган Түрк мектебинин директору Амер Айдындын 9 жашар кыргызстандык окуучуга сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу билдирди.

Мектеп окуучуларынын ата-энелери бул мектептин директору Амер Айдындын жоруктары тууралуу депутатка айтып беришкен.

ЖК депутатынын айтымында, 9 жашар окуучуну мектептен чыгарып салышкан. Окуудан чыгарылган бала мектептин психологуна аны директор Амер Айдын кабинетине чакырып алып, өзүнүн турсийин жана балдардын турсийин чечкенин жана жаратылышка да алып барып, балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып берген.

Баланын апасы мектепке барса, аны киргизбей, милиция менен гана кире алган, милиция бул Кыргызстандагы мектеп экенин айтып жатып, араң киргиздире алган.

Карамушкинанын айтымында, аталган Түрк мектеби “Манас” университетинин аймагында курулуп жана иштеп жатканына 20 жылдай убакыт болду, ошондон бери лицензиясыз иштеп келүүдө.

Билим жана илим министрлиги андай билим берүү мекемеси бар экенин билбей турганы анык болгон.

Мектептин мугалимдери түрк жарандары болгондуктан, алар Түркиянын элчилигине даттанып бара алышпаганын айтышкан.

Ал мектепте кыргызстандык аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт. Окуучуларды Түркиянын жарандыгын алгыла деп жатышканы да маалым болгон. Анткени кийин аларды Түркия аскерине кызмат кылууга чакыра турганы белгилүү болду деп айтты депутат.

Директордун жоругун психологго айтып берген баланы кайра мектепке чакырып, анын апасына акча сунуштап, сүйлөшөлү деп артынан калбай жатышат.

Милициянын көзүнчө 9 жашар уулун түркчө уят сөздөр менен сөккөн директорду апасы сумкасы менен чаап жиберген.

Депутат Карамушкина аталган түрк мектебине иштөөгө кимдер уруксат бергенин, мектепте кыргыз балдар кандай программа менен окутулуп жатканын текшерип чыгууну өтүндү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты